04.04.2016, 16:36

Белгилүү Италиялык машыктыруучу Чезаре Мальдини кайтыш болду

 Белгилүү Италиялык машыктыруучу Чезаре Мальдини кайтыш болду

Бишкек, 4-апрель /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Италиянын 4 жолку чемпиону жана белгилүү машыктыруучу Чезаре Мальдини дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу “Спорт экспресс” сайты билдирди.

Маалыматка караганда, белгилүү футболчу Паоло Мальдинин атасы Италиянын футбол боюнча курама командасынын экс-машыктыруучусу Чезаре Мальдини 84 жашында 2-апрелде жарык дүйнө менен кош айтышты.

Аталган оюнчу Италиянын "Триестино", "Милан" жана “Торино” футбол клубдарында ойноп, Италиянын 4 жолку чемпиону болууга жетишкен. Ошондой эле, машыктыруучулук карьерасында “Милан”, “Фоджу”, “Парму”, “Тернану” клубдарын жана Италиянын жаштар курама командасы менен Улуттук курама командасын машыктырган.