04.04.2016, 12:38

Россия жарандары үчүн 2018-жылкы чемпионатка билеттин баасы арзан болот

Россия жарандары үчүн  2018-жылкы чемпионатка билеттин баасы  арзан болот

Бишкек, 4-апрель /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Россиялыктар 2018-жылы Россияда өтө турган футбол боюнча чемпионатка билеттерди арзандатылган баада сатып ала алат. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги билдирди.

Маалымат караганда, Россиянын жарандары үчүн арзандатылган баада сатыла турган билеттердин категориясы түзүлөт. Азырынча минималдуу баа боюнча маалымат жок. Билеттин баалары 3 категорияда болот жана мындай чечимди ФИФА уюму чыгарат. Ал эми 4-категория бул бир гана Россиянын жарандары үчүн чыгарылат.
Эскерте кетсек, 2018-жылдагы чемпионаттын билеттик программасы ушул жылдын октябрь айында кабыл алынат.