Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
01/04 18:30
 

Жалал-Абадда Түркиянын “Бешикташ” футбол клубунун кичи-футбол боюнча мектеби ачылды

Бишкек, 1-апрель /Кабар/. Бүгүн, 1-апрелде, жаштарды кичи футбол менен машыктырып, сергек жашоого үгүттөө максатында Жалал-Абаддагы Экономика жана Ишкердик университетинде (ЭИУ) дүйнөгө таанымал болгон “Бешикташ” футбол клубунун кичи-футбол боюнча өспүрүмдөр үчүн адистештирилген мектеби ачылды.

Аталган мектептин ачылышына Түрк Республикасынын “Бешикташ” футбол клубунун өкүлү Мурат Ишинер катышып, ишин жаңы баштаган кичи-футбол клубуна ийгилик каалады. Иш-чарага катышкандардын пикиринде, Жалал-Абад шаарында мындай мектептин ачылышы спорт жаатындаагы кубандыруучу чоң жаңылык. “Кичи-футбол аркылуу жаштардын спортко кызыгуулары артып, спорт инфраструктурабыздын өнүгүүсү үчүн жакшы себеп пайда болду”,-дешет катышуучулар.  

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу