31.03.2016, 16:37

Кыргызстандык спортчулар Түркияда өтүүчү мелдешке катышат

Бишкек, 31-март /Кабар/. 1-апрелде Түркиянын Самсун шаарында GrandPrixSamsun 2016 дзюдо боюнча гран-принын этабы башталат. Эл аралык дзюдо федерациясынын расмий сайты билдиргендей, эркектер жана аялдар арасында бары болуп 14 комплект сыйлык ойнотулат.
Кыргызстандын курма командасынын курамына 3 спортчу кирди.

Кыргызстан курама командасынын мүчөсү Юрий Краковецский 100 кг дан ашык салмактык категорияда, Арген Бактыбек уулу 60 кг салмактык категорияда, Бектур Рысмамбетов 66 кг салмактык категорияда ат салышат. Делегацияга федерациянын президенти Ырысбек Мааткабылов жетекчилик кылат.