Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
30/03 11:12
 

Кыргызстандык 3 спортчу Кытайда бокс боюнча жолдомо берүүчү мелдештин жарым финалына өттү

Бишкек, 30-март /Кабар/. Боксерлор Азат Усеналиев, Эрмек Сакенов жана Эркин Адылбек уулу Кытайда өтүп жаткан жолдомо берүүчү мелдештин жарым финалына өттү. Бул тууралуу Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотов билдирди.

29-мартта мелдештин чейрек финалынын беттештери башталып, анда Кыргызстандын 6 өкүлү катышты. Күндүзгү сессияда рингге чыккан Эрмек Сакенов жана Эркин Адылбек уулу чыгып, алар Кореянын Инчхон шаарында өткөн Азия оюндары-2014 мелдештеринин коло медалынын ээси Азизов Бебитов (Түркмөнстан) жана Эрдене баяр Сандагсуренди (Монголия) жеңишти. Азат Усеналиев жарым финалга чыгуу үчүн Бүткүл дүйнөлүк Универсиада-2013түн жеңүүчүсү Монголиянын өкүлү Амар Хархуу менен беттешти. Үч раунддун жыйынтыгында калыстар 2:1 эсебинде жеңишти кыргызстандыктын пайдасына чечти.

31-мартта А.Усеналиев финалга чыгуу беттешинде Өзбекстандын өкүлү менен ат салышат. Спортчулар Азия-2013 чемпионатынын финалында өз ара беттешишкен. Анда жеңиш Усеналиевде болгон.

Өмүрбек Малабеков (56 кг га чейин), Ильяр Ахметов (75 кг га чейин) жана Сергей Паренко (91 кг га чейин) өздөрүнүн беттештеринде утулуу ызасын тартышып, Рио-де-Жанейродо өтүүчү олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн беттештерден чыгышты.
1/2 финалынын беттештери 31-мартта өтөт.

Рио-де-Жанейродогу олимпиадага жолдомо алуу үчүн өзүнүн салмактык категориясында ТОП-3 ге кирүү зарыл.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу