Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
29/03 17:59
 

Аскер кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча мелдеш башталды

Бишкек, 29-март /Кабар/. 2016-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 2016-жылга карата даярдоо планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабы менен Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскер кызматчыларынын Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин базасындагы кичи-футбол боюнча мелдеш башталды.
Мелдештин максаты - аскер кызматчыларынын дене тарбиялык даярдыгын жакшыртуу жана чыңдоо. Бул тууралуу КР КК БШ басма сөз жана маалымат башкармалыгы билдирди.

Эки аскер ведомствосунун Башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жана өзүнчө бөлүмдөрүнүн курама командалары топ менен ойной билүү чеберчилигинде күч сынашышат.

Футбол турнири Кыргыз Республикасынын кичи-футбол Федерациясы тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
Катышуучу-командалар чакан топторго бөлүнүшкөн жана оюн айлампа түрүндө «биргебир» тартибинде өтүүсү менен айланып жылып отурат.
Турнир эки этапта өтөт, анын биринде топтогу командалар айлампа тартибинде ойношсо, экинчи этапта топтун жеңип чыккан командалары олипиялык оюндар системасы менен (жеңилгени биротоло чыгарылып) таймашып акыркы жеңүүчүнү таап чыкканга чейин ойношот.

Биринчи орунду жеңип алган команда өтмө Кубок, акчалай сыйлыктар жана I даражадагы диплом менен сыйланат. Ал эми экинчи жана үчүнчү орунду багындыргандарга болсо акчалай сыйлыктар жана II-III даражадагы дипломдор тапшырылат. Ошондой эле, ар бир этаптын жүрүшүндө өзүлөрүн көрсөтө алган мыкты оюнчуларга да акчалай сыйлыктар берилет.

Кичи-футбол боюнча турнир 2016-жылдын 29-апрелинде аяктайт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу