Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
29/03 13:16
 

Гондурастын мурдагы президенти ФИФАдагы коррупция тууралуу иш боюнча күнөөсүн моюнга алды

Бишкек, 29-март /Кабар/. Гондурастын мурдагы президенти Рафаэль Кальехас ФИФАдагы коррупция тууралуу иш боюнча өзүнүн күнөөсүн моюнга алды. Ал мурда жергиликтүү футбол федерациясынын башчысы болгон. Бул тууралуу Goal.com билдирди.

Нью-Йорктогу сотто (АКШ) Кальехас пара алуу жана алдамчылык кылганын моюнуна алды. Ал телевизиондук келишимге (атап айтканда, дүйнө чемпионатындагы оюндарды түз алып көрсөтүүгө укукка) байланыштуу кызмат көрсөтүү үчүн пара алууга айыпталууда. Мурда ал бул айыптарды четке кагып келген.

Ошондой эле, Кальехас 2014, 2018, 2022-жылдары Дүйнө чемпионатынын квалификацияларында Гондурас курамасынын оюндарына укук берүү үчүн жүз миңдеген доллар параларды алганы белгиленүүдө.

Кальехас 20 жылга чейин кесилиши мүмкүн. Ал күнөөсүн моюнга алды жана 650 000 доллар айып пул төлөдү. 72 жаштагы саясатчы 1990-1994-жылдары Гондурастын президенти болгон.

Булак: Sport.ru

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу