Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
28/03 12:15
 

Кытайдагы бокс боюнча жолдомо берүүчү мелдеш: Бүгүн 1/8 финалында 5 кыргызстандык ат салышат

Бишкек, 28-март /Кабар/. 28-мартта Кытайда “Азия жана Океан” зонасында бокс боюнча жолдомо берүү мелдешинин алкагында 1/8 финалынын кезектеги беттешүүсү болот.

Беттешке Азат Үсөналиев, Эрмек Сакенов, Эркинбек Адылбек уулу, Турат Осмонов жана Өмүрбек Малабековдор чыгат. Бул тууралуу спорттук серепчи Кабыл Макешов билдирди.

Мелдештин төртүнчү күнүндө рингге Кыргызстандын 5 өкүлү чыгат, анын ичинде Азиянын 2013-жылдагы чемпиону Азат Үсөналиев, ал 52 кг чейинки салмактык категорияда Рио-де-Жанейродо өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн беттешет. Алгач ал рингде Австралиялык Алекс Винвуд менен мушташат.

Оюндар-2016 га жолдомо алуу үчүн өзүнүн салмактык категориясында ТОП-3кө илинүү керек.
Мелдештин 3 күнүнүн жыйынтыгында Ильяр Ахметов жана Сергей Паренко чейрек финалда мушташышты, ал эми Бек Камчыбеков жана Эркин Болотбек уулунун мелдешке катышуусу аяктады.

28-мартка жуптардын курамы

Күндүзгү сессия

52 кг га чейин
1/8 финал
Азат Үсөналиев (Кыргызстан – Алекс Винвуд (Австралия)
64 кг га чейин
Эрмек Сакенов (Кыргызстан) – Эсмаил Аомаш (Иран)
81 кг га чейин
Эркин Адылбек уулу (Кыргызстан) – Аванат Тонкратов (Таиланд)

Кечки сессия

49 кг га чейин
Турат Осмонов (Кыргызстан) – Хасанбой Дусматов (Өзбекстан)
56 кг га чейин
Өмүрбек Малабеков (Кыргызстан) Армин Амжадян (Иран).

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу