Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
25/03 08:45
 

Спорттук күрөш боюнча Азия кеӊешинин президенти Чанг-Кью Ким Кыргызстанда күрөш спортун өнүктүрүүгө жардам бермекчи

Спорттук күрөш боюнча Азия кеӊешинин президенти Чанг-Кью Ким Кыргызстанда күрөш спортун өнүктүрүүгө жардам бермекчи

Бишкек, 25-март /Кабар/. Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 24-мартта Спорттук күрөш боюнча Азия кеӊешинин президенти, Күрөш дүйнөсүнүн биргелешкен бюросунун мүчөсү, Түштүк Корея Күрөш федерациясынын президенти Чанг-Кью Кимди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар өлкөдө спортту өнүктүрүү, кызматташтык мамилелердин келечеги, ошондой эле заманбап спорт жайларын куруу маселелерин талкуулады.
Асылбек Жээнбеков Чанг-Кью Кимдин иш сапарынын спорт тармагы боюнча алакаларды арттыруу жаатындагы маанисин белгиледи. Ал өз маектешине 2018-жылы Кыргызстанда спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатын өткөрүү демилгесине колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. «Биз бул мелдештин жогорку деӊгээлде өтүшүнө болгон аракетибизди жасайбыз», - деп, өлкө жетекчилиги да спорттуу өнүктүрүү маселесине өзгөчө көӊүл буруп жатканын айтты. Төрага спортчуларга жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын түшүнүү менен, Жогорку Кеӊеш Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин бюджетин көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алганын кошумчалады.

Ал эми Чанг-Кью Ким Кыргызстандын күрөш боюнча эл аралык спорт уюмдары менен кызматташтык мамилелерин бекемдөө жана кеӊейтүү жаатында бар аракетин жумшай турганын билдирди.
Жолугушууга Жогорку Кеӊештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу, Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримов катышты.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу