Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
22/03 11:13
 

Миллиардер Прото ушак таратканы үчүн Криштиан Роналдудан 10 млн евро өндүрүүнү көздөөдө

 Миллиардер Прото ушак таратканы үчүн Криштиан Роналдудан 10 млн евро өндүрүүнү көздөөдө

Бишкек, 22-март /Кабар/. Миллиардер Алессандро Протонун кыймылсыз мүлк менен алектенген компаниясы ушак таратканы үчүн “Реал” клубунун футболчусу Криштиан Роналдуну сотко берип, спортчудан 10 млн евро өндүрүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Daily Mail билдирди.

Мындан мурда Протонун компаниясы Нью-Йоркто Роналдуга 18,5 млн долларга батир сатканы айтылган. Футболчунун өкүлдөрү бул маалыматты жокко чыгарган. Протонун компаниясы жалган маалымат таратканы үчүн андан 10 млн евро төлөтүү менен Роналдуну сотко берүүнү чечкен.

“Роналду сатып алган батир каттоодон өткөндөн кийин ал футболчунун досу Бадру Хариге белекке берилген. Балким ушул факт футболчуну тынчсыздандырып жатса керек, ошондуктан ал сатып алуу боюнча эч нерсе айткан эмес. Эми биз андан жооп күтүп жатабыз. Роналдуда жеке чөйрөсүнө байланыштуу белгилүү учурлар болушу мүмкүн, бирок биз өзүбүздүн имиджибизди сактап калышыбыз керек”,-деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Булак: Sport.ru

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу