Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
11/03 12:53
 

Бүгүн 11-мартта Бишкекте ат спорту боюнча чемпионат өтүүдө

Бишкек, 11-март /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Бүгүн, 11-мартта Республикалык адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорт мектебинин базасында ат спорту боюнча Бишкек шаарынын Ачык чемпионаты өткөрүлөт. Аталган чемпионат үстүбүздөгү жылдын 11-мартынан 14-мартына чейин өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Чемпионат ат үстүндө жүрүүнүн эки түрү — конкур (ар кандай тоскоолдуктардан өтүү) жана атта жүрүү өнөрү боюнча өтөт.
Ат спорту боюнча мелдешти Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык дене тарбия жана спорт комитети өткөрүүдө. Мелдеш ат спортун жайылтуу, КРнын курама командасын толуктоо үчүн күчтүү спортчуларды чыгаруу максатында өткөрүлүүдө. Жеңүүчүлөр шаардык спорт комитетинин диплом, медаль жана баалуу белектери менен сыйланышат.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу