10.03.2016, 14:27

Тажикстан менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешет

Тажикстан менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешет

Бишкек, 10-март /Кабар/. Кыргызстандын футбол федерациясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 19-марттан тарта “Дүйнөлүк чемпионат-2018” тандоо раундунун алкагында жыйынтыктоочу матчка даярдык көрүлөт. Азыртадан курама командага кире турган талапкерлердин кеңейтилген тизмеси даярдалды.

Федерацияда маалымдагандай, тизмеде 34 адам бар, алардын арасынан 23ү гана машыгууга чакырылат.
Голкиперге талапкерлердин арасында Матяш Павел (“УиТМ”, Малайзия), Амиров Руслан (“Алга”), Акималиев Калыс (“Абдыш-Ата”), Кашуба Валерий жана Зинченко Максим (“Дордой”) бар.

Коргоочулардын тизмесинде-Байматов Азамат (“Ситра”, Бахрейн), Козубаев Тамирлан (“Ягодина”, Сербия), Кичин Валерий (“Тюмень», Россия), Майер Виктор (“Меппен”, Германия), Умаров Акрам (“Крумкачы”, Беларусь), Самсалиев Талант, Шератов Курсан, Шакиров Шерзот жана Тэго Дэниел (“Дордой”), Алимов Ильяз менен Рустамов Турсунали (“Алай”).

Жарым коргоочулар арасында Дуйшөбеков Бахтияр (“Крумкачы”, Беларусь), Мусабеков Фархат (“Академия”, Молдова), Бернхардт Эдгар (“Аль-Оруба”, Оман), Исраилов Ахлидин (“Динамо-2”, Украина), Землянухин Антон (“Сисакет”, Тайланд), Сыдыков Азиз, Шамшиев Ислам, Жыргалбек уулу Кайрат, Сагынбаев Бекжан жана Откеев Авазбек (“Дордой”), Сидоренко Павел жана Амиров Ильдар (“Алга”), Мурзаев Мирлан (“Афжет Афьонспор”, Түркия) бар.

Чабуулчулар-Люкс Виталий (“Унтерхахинг”, Германия), Тэтте Дэвид жана Левченко Роман (“Дордой”), Бөкөлөев Абай (“Миласспор”, Түркия), Филатов Иван (“Сохар”, Оман).
Тажикстанга кете турган футболчулардын акыркы тизмеси машыгуулар бүткөн соң аныкталат.