Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/03 11:15
 

Оштогу ММКлардын мырзалары арасында өткөн волейбол боюнча мелдешти «ЭлТР” МТРК командасы утту (Фото)

Оштогу ММКлардын мырзалары арасында өткөн волейбол боюнча мелдешти  «ЭлТР” МТРК командасы утту (Фото)

Бишкек, 7-март /Кабар/. Кечээ, 6-март күнү 8-март- Аялдардын эл аралык күнүнө карата, Оштогу массалык маалымат каражаттары арасында волейбол боюнча мырзалар мелдеши болуп өттү. Ага Эл ТР, Ош ТВ, Ош Пирим, Башат, 7-канал, Ынтымак телерадио компаниялары, Рекорд радиосу, Аки-пресс Ош маалымат агенттигинин жана Ош шаарынын мэриясынын курама командалары катышты.
Спорттук иш-чараны Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев расмий түрдө ачып, командаларга ийгиликтерди каалады.
“Бүгүн ММК өкүлдөрүн маалымат талаасында эмес, спорт майданында көрүп жатабыз. Ош шаарындагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, башка аймактык кесиптештерине караганда өздөрүнүн ынтымактыгы, биримдүүлүгү жана уюшумдуулугу менен өзгөчөлөнүп келет. Бүгүнкү оюнда да, сергек жашоо үлгүсүн калк арасында пропагандалоо менен башка кесиптештерди тынчтыкка, биримдикке, достукка үндөй аласыздар”,-деди А.Кадырбаев.
Мелдеш волейбол оюнунун эрежелерине ылайык 3 партиядан ойнолуп, жеңүүчүлөр командалык тартипте аныкталды.
Журналист мырзалар арасында өткөн волейбол боюнча мелдеште “ЭлТР” МТРК биринчи орунду алды. Экинчи орунду Ош шаарынын мэриясынын командасы , үчүнчү орунду “Ынтымак” телерадиоканалынын мырзалар командасы ээледи.
Оюнда алдыңкы орунду ээлеген жана активдүү катышкан командалар Ош шаарынын мэриясынын дипломдору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.
Ошондой эле, мелдеште көрсөткөн жогорку чеберчилиги үчүн, “Мыкты оюнчу” номинациясы менен “Эл ТР” МТРКсынын оюнчусу Умар Надыров, “Мыкты коргоочу” номинациясы менен мэриянын оюнчусу Нияз Маликов, “Мыкты чабуулчу” номинациясы менен “Ынтымак” ТРКсынын оюнчусу Азат Аманов сыйланды. Мындан сырткары өз командасына мыкты колдоо көрсөткөндүгү үчүн, “Ынтымак” ТРКсынын күйөрманы Адина Досумбетова “Мыкты күйөрман” номинациясына ээ болду.
Айта кетсек,мэрия командасынын курамында Ош шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров катышып, мыкты оюн көрсөттү.
Мелдеш, күйөрман болуп келген журналист айымдарга майрамдык маанай тартуулоо максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан 8-март- Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулду.
Эскерте кетсек, 23-февраль- Ата мекенди коргоочулардын күнүнө карата аймактагы телеканалдарда иштеген айымдар арасында волейбол мелдеши болуп өткөн.

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу