02.03.2016, 10:26

“Ала-Арча” капчыгайында альпинизм боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтүүдө

Бишкек, 2-март /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. 2016-жылы 1-марттан 15-мартка чейин “Ала-Арча” капчыгайында альпинизм боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Мелдешке спорт клубдардын альпинисттери, дене тарбия жамааттары, коммерциялык уюмдар жана спортчулар катышат.
Иш-чараны Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети Альпинизм Федерациясы менен биргеликте уюштурууда.

Мелдештин максаты - Бишкек шаарында альпинизмди кеӊири жайылтуу, спорттук чеберчиликти жогорулатуу болуп саналат.
Мелдештин жеӊүүчүлөрүн басып өткөн каттамдары үчүн топтогон упайларынын жалпы эсеби менен калыстар тобу аныктайт. Жеӊүүчүлөр Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин диплом жана медалдары менен сыйланат.

Аталган чемпионаттын программасы: 2016-жылдын 1-мартында - “Ала-Арча”альплагерине катышуучуларды алып баруу, 2-мартынан – 14-мартына чейин – спорттук тоо чокусуна чыгуу, 15-мартында - жеңүүчүлөрдү сыйлоо.