01.03.2016, 15:31

Шахмат боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты башталды

Бишкек, 1–март /Кабар/. 2016-жылдын 29-февралында башкалаанын «Алтын Түйүн» шахмат клубунда шахмат боюнча Бишкек шаарынын чемпионатынын ачылышы болду. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Шахмат таймашына 18 жаштан жогорку эркектер жана айымдар катышууда. Чемпионат республикалык мелдештерге катышуу үчүн борбор калаанын тандалма командасына таланттуу шахматчыларды тандап алуу максатында өткөрүлүүдө. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар ыйгарылат.