01.03.2016, 12:27

1-15 мартта Ала-Арча капчыгайында альпинизм боюнча баш калаанын ачык чемпионаты өтөт

Бишкек, 1 -март /Кабар/. 2016-жылдын 1-15 мартында Ала-Арча капчыгайында альпинизм боюнча баш калаанын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Мелдешке спорт клубдардын, дене тарбия жамааттарынын, коммерциялык уюмдардын альпинисттери, ошондой эле бул иш-чарага катышууну каалаган бардык спортчулар катыша алышат.

Мелдештин жеңүүчүлөрү калыстар сунуш кылган маршруттарды басып өткөндүгүнө жараша топтогон баллдык көрсөткүчтөрүнө карата аныкталат. Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар, дипломдор менен сыйланат.