Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
27/02 10:20
 

Быйыл футбол боюнча өлкө чемпиондугунда 7 команда ойномокчу

 Быйыл футбол боюнча өлкө чемпиондугунда 7 команда ойномокчу

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. Тарыхта 25-ирет өткөрүлүп жаткан футбол боюнча өлкө чемпиондугуна быйыл 7 футболдук клуб катышат. Бул тууралуу 26-февралда КРнын Футбол федерациясынын имаратында өткөн иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү болду.

Бул күнү каттоодон өткөн 7 командага атайын сертификаттар тапшырылды. ТОП-Лигада байгелүү орундар үчүн төмөнкү командалар күрөшмөкчү: "Алай" (Ош), "Дордой" (Бишкек), "Абдыш-Ата" (Кант), "Алга" (Бишкек), "Ала-Тоо" (Нарын), "Кара-Балта" (Кара-Балта), "Алдиер" (Куршаб).

Ошондой эле, март айында баштала турган мелдештин 1-тур оюндары чүчү кулактын негизинде белгилүү болду. Кийинки турлардагы атаандаштар атайын системдин жардамы менен аныкталат:
"Алга" (Бишкек) - "Дордой" (Бишкек)
"Абдыш-Ата" (Кант) - "Алай" (Ош)
"Ала-Тоо" (Нарын) - "Кара-Балта" (Кара-Балта)
"Алдиер" (Куршаб) бул турда ойнобойт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу