Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
26/02 14:31
 

Энн Перес эрежесиз мушташтын тарыхындагы эң кары мушкер

 Энн Перес эрежесиз мушташтын тарыхындагы эң кары мушкер

Бишкек, 26-февраль /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. АКшнын 68 жаштагы жараны Энн Перес эрежесиз мушташка чыкты. Бул тууралуу “МИР 24” агенттиги билдирди.

68 жаштагы аял өзүн эрежесиз кармашта сынап көрүүнү чечкен. Анын атаандашы 24 жаштагы мекендеши Лаура Деттман болду. Өкүнүчтүүсү Перес биринчи раундда техникалык нокауд менен жеңилип калган. Энн Перес эрежесиз мушташтын тарыхындагы эң кары мушкери болуп калды. Ал буга чейин Тай бокс жана джиу-джитсу спорту менен машыгып келген. Азырынча бул багытта карьерасын улантар улантпасын айта элек.

Беттештин алдында Энн Перес: “Мен рингге чыгууга жаш курак тоскоолдук жаратпасын далилдейм. Көрүүчүлөргө мыкты кармаш тартуулайм”,-деген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу