Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
26/02 11:46
 

Кыргызстандыктар Ушу боюнча эл аралык турнирде 7 алтын медаль алышты

 Кыргызстандыктар Ушу боюнча эл аралык турнирде 7 алтын медаль алышты

Бишкек, 26-февраль /Кабар/. Салттуу ушу боюнча Кыргызстандын курама командасы “Ушунун москва жылдыздары” эл аралык турнирде жеңиш менен кайтып келди. Мелдеш 18-22-февралда Москвада өттү.

Турнирге Россия, Норвегия, Польша, Израиль, Казакстан, Кыргызстан, Ливан, Иран, Египет жана башка дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн 700 спортчулар катышты.

КРнын салттуу ушу федерациясынын президенти Лапоткин Евгенийдин жетекчилиги менен биздин 10 спортчубуз аталган турнирде спорттун 15 түрү боюнча 7 алтын, 9 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушту.

Курама командага КРнын салттуу ушу федерациясынын түрдүү клубдарынын мыкты спортчулары кирген. “Сейтек” балдар борборунун Ушу мектебинин ушучулары өзгөчө белгиленди.

Турнирдин алтын медалдарын Лапоткин Евгений, Айтмамбетова Салима, Косенко Олег, Пак Татьяна, Любовь Серякова жеңип алышты.

Бул жолу дагы алар кыргызстандык ушучулардын эл аралык бийик статусун бекемдешти. Мындай ийгиликтерден кийин биздин спортчулар эл аралык мелдештерге, атап айтканда Москвада өтө турчу тайцзицюань боюнча Европа чемпионатына жана Тбилисиде өтө турчу ушу боюнча эл аралык турнирге чакыруу алышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу