Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
25/02 14:39
 

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна спорттун 25 түрү киргизилди

 Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна спорттун 25 түрү киргизилди

Бишкек, 25-февраль /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна спорттун 25 түрү киргизилди. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Республикалык улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касенов билдирди.

“Биринчи бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда спорттун он гана түрү киргизилген. Чет өлкөдөн бир гана казак күрөшү киргизилген болчу. Калган оюндардын барын кыргыз элинин спорттук оюндары түзгөн. Ал эми бул жолку көчмөндөр оюнуна оюндун 25 түрү киргизилип жатат. Мисалы, күрөштүн түрү боюнча алсак, түркмөн күрөшү, азербайжан күрөшү, түрк күрөшү жана казак күрөшү киргени жатат. Андан сырткары, Россия Федерациясынын атынан спорттун түрү боюнча таяк тартыш оюну жаңы киргизилди. Аны менен бирге эле кылымдан кылымга келе жаткан жаа атмай, салбурун, тогуз коргоол оюндары бар”,- дейт А.Касенов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу