25.02.2016, 14:12

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 40ка жакын мамлекеттин спортчулары катышары күтүлүүдө

 Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 40ка жакын мамлекеттин спортчулары катышары күтүлүүдө

Бишкек, 25-февраль /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна кыркка жакын мамлекеттин спортчулары келип катышары күтүлүп жатат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Республикалык улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касенов билдирди.

“Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катыша турган өлкөлөрдүн спорт министрлери үстүбүздөгү жылдын 4-мартында Стамбулда чогулушуп, анда аталган оюндун акыркы жобосун кабыл алышат. Анын натыйжасында көчмөндөр оюнуна даярдыгыбыз толук жүрөт”,- дейт А.Касенов.