24.02.2016, 18:31

Премьер-министр төрагалыгы алдында Экинчи Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна даярдык талкууланды

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. 24-февралда Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Экинчи Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна даярдыктардын жүрүшү боюнча жыйын өттү.
Премьер-министр Темир Сариев Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюну эл аралык деңгээлдеги маанилүү иш-чара экенин белгилеп, ага даярдыкты жогорку деңгээлде күчөтүү керектигин билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт алдындагы Курулуш, архитектура, турак-жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданынын курулушунун жүрүшү боюнча маалымат берди.
Анын маалыматы боюнча, курулуш иштери белгиленген мөөнөттө жүрүп жатат жана ушул жылдын 15-августуна чейин бүткөрүлөт. Ошондой эле ат майдандын инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жашылдандыруу боюнча иштер аныкталган график боюнча жүрүүдө.

Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун курулушу жүрүп жатат жана Кырчын жайлоосундагы жолдорду оңдоого даярдыктар башталууда. Аталган жолдорду үстүбүздөгү жылдын 1-августуна чейин бүткөрүү пландалууда.
Премьер-министр Темир Сариев Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюнун уюштуруу жана өткөрүү боюнча бардык иштерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүү, анын алкагында жашылдандыруу иштерин активдүү жүргүзүү тапшырмасын берди.