24.02.2016, 14:38

2018-жылы күрөш боюнча Азия чемпионаты Кыргызстанда өтөт

 2018-жылы күрөш боюнча Азия чемпионаты Кыргызстанда өтөт

Бишкек, 24-февраль /Аман Алымбеков-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги маалымат жыйында Күрөш боюнча Азия комитетинин вице-президенти Асылбек уулу Дамирбек билдирди.

Анын айтымында, Таиландда күрөш боюнча Азия чемпионатынын башталышында Азия күрөш федерациясынын конгресси болуп, анда 2018-жылы күрөш боюнча Азия чемпионатын Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган.

“Чемпионатты өткөрүү боюнча талапкерлер Тайбэй (Кытай), Иран, Казакстан жана Кыргызстан болгон. Добуш берүүнүн жыйынтыгында чемпионатты өткөрүү укугу Кыргызстанга берилди”,-деди ал.

Ошондой эле, вице-президенттин айтымында, Бишкектеги жалгыз Спорт сарайы Азия жана дүйнө чемпионатын өткөрүү үчүн эл аралык стандарттарга жооп бербейт. “2018-жылга чейин Өкмөт жана Улуттук олимпиада комитети менен бирдикте спорттук майдан курууга жетишебиз деп ойлойм жана ал эл аралык мелдештерди өткөрүү талаптарына жооп бергидей курулат”,-деди ал.

Эскерте кетсек, мындан мурда 2007-жылы Кыргызстан Азия биринчилигин өткөргөн.