22.02.2016, 09:19

Ошто биринчи жолу журналист айымдар волейбол боюнча күч сынашышты

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. 21-февраль күнү Ош шаарында жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын журналист айымдары арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Ага ЭлТР, Ош ТВ, “Ош Пирим”, “7-канал” жана “Ынтымак” телерадио мекемелеринин кыздар командалары катышышты.

Спорттук иш-чараны Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев расмий түрдө ачып, командаларга ийгиликтерди каалады.

“Ош шаарындагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү башка аймактык кесиптештерине караганда өздөрүнүн ынтымактыгы, биримдүүлүгү жана уюшумдуулугу менен өзгөчөлөнүп келет. Бүгүнкү оюнда да сергек жашоо үлгүсүн калк арасында пропагандалоо менен башка кесиптештерди тынчтыкка, биримдикке, достукка үндөй аласыздар”,-деди А.Кадырбаев.

Мелдеш волейбол оюнунун эрежелерине ылайык 3 партиядан ойнолуп, жеңүүчүлөр командалык тартипте аныкталды.
Журналист айымдар арасында өткөн волейбол боюнча мелдеште ОшТВ телекомпаниясы биринчи орунду алды. Экинчи орунду ЭлТРдин, үчүнчү орунду “Ынтымак” телерадиоканалынын кыздар командалары ээлешсе, “Ош Пирим” төртүнчү, “7-канал” бешинчи орунду алды.

Оюнда адыңкы орунду ээлеген жана активдүү катышкан командалар Ош шаарынын мэриясынын дипломдору жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Ошондой эле, мелдеште көрсөткөн жогорку чеберчилиги үчүн, “Мыкты оюнчу” номинациясы менен “Ынтымак” ТРКнын оюнчусу Адина Досумбетова, “Мыкты коргоочу” номинациясы менен ЭлТР МТРКнын оюнчусу Сманова Гүлвира, “Мыкты чабуулчу” номинациясы менен “7-каналдын” оюнчусу Асанкан кызы Жайнагүл сыйланды. Мындан сырткары өз командасына мыкты колдоо көрсөткөндүгү үчүн, “Ош Пирим” телеканалынын күйөрмандары “Мыкты күйөрман” номинациясына ээ болушту.