19.02.2016, 17:46

Пермде Россия менен Кыргызстандын белгилүү кикбоксчулары күч сынашууда

Бишкек, 19-февраль /Кабар/. Пермде 19-февралда Волга-Ураль спорт үйүнүн 25 жылдыгын майрамдоонун алкагында «Россия VS Кыргызстан», командаларынын кикбоксинг жана бокс боюнча эл аралык беттешүүлөрү жана Россиянын мыкты мушкерлеринин титулдук таймашуулары өтүүдө. Бул тууралуу “Замандаш” ассоцациасы маалымдады.

Пермдеги “Кыргызстандыктардын биримдиги” коомдук уюмунун төрагасы Асылбек Алымкулов билдиргендей, бул иш чара спортту пропагандалоого багытталган. Чемпиондук наам үчүн таймашта Россиянын жана Кыргызстандын белгилүү кикбоксерлору күч сынашууда.

Таймашка кыргыз тараптан Уланбек Касымбеков, Асхат Акмырзаев, Сыргак Сагынбай уулу, Сергей Смирнов катышууда.