Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
19/02 11:12
 

20-февралда «Зил» тоо лыжа базасында «Кыргызстан – тоо лыжасы жана кышкы эс алуу өлкөсү – 2016” 7-туристтик фестивалы өтөт

Бишкек, 19-февраль /Кабар/. 20-февралда «Зил» тоо лыжа базасында «Кыргызстан – тоо лыжасы жана кышкы эс алуу өлкөсү – 2016” 7-туристтик фестивалы өтөт. Иш-чараны Туризм департаманти, Бишкек ишкер клубу, JICA ассоциациясынын бүтүрүүчүлөрү, Эл аралык ишкерлер кеңеши, Жөө туризм союзу, «Ретро FM» радиосу уюштурууда.

Фестиваль 2010-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Фестивалдан түшкөн каражаттар калктын социалдык аялуу катмарына кайрымдуулук көрсөтүүгө жумшалып келүүдө. Буга чейин №1 балдардын кургак учук ооруканасына, «Нурмэйайса» балдардын убактылуу баш калкалоочу борборуна, Балдардын онкологиялык борборуна, Республикалык кан куюу борборуна, Ак-Суудагы аялдардын психоневрологиялык интернат үйүнө жана балдар үйлөрүнө кайрымдуулук көрсөтүлүп келген. Бул жылы аутизмден жапа чеккен аялдарга жардам берүү пландалууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу