Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
19/02 08:37
 

Каныбек Жолчубеков менен Жанарбек Кенжеев - грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпиондору

Каныбек Жолчубеков менен Жанарбек Кенжеев - грек-рим күрөшү боюнча  Азиянын чемпиондору

Бишкек, 19-февраль, /Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча балбандар Каныбек Жолчубеков менен Жанарбек Кенжеев Азиянын чемпиону деген наамды жеңип алышты. Бул туурасында Бириккен дүйнөнүн күрөш боюнча сайтында маалымдалат

Азиянын чемпионаты Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жатат.

Каныбек Жолчубеков 59 кг салмакта мөөрөй талашкан эле. Финалда жердешибиз Иран балбаны Саман Морад Абдулини 9:4 эсебинде жеңип, алтын медалга татыктуу болду.

Жанарбек Кенжеев 85 кг салмакта атаандаштарынын үмүттөрүн өчүрүп, финалда Өзбекстан балбаны Музаммадали Шамсиддиновду 3:2 эсебинде утуп, Азия континентинин чемпиондук алтын медаль тагынды.

Жеңишиңер кут болсун, кыргыз балбандары! Олимпиада- 2016га жолуңар ачык болсун!
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу