Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
17/02 12:57
 

Оштогу ММКнын айымдары волейбол боюнча мелдешет

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. Ошто 23-февраль Ата-мекенди коргоочулардын күнүнө карата 21-февраль күнү жергиликтүү массалык маалымат каражаттары арасында волейбол боюнча кыз-келиндер мелдеши болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мелдешке Ош шаарындагы ММКлар (ТРК, гезиттер, маалымат сайттары) өз командалары менен катыша алышат. Мелдештин финалдык таймашында жеңишке жеткен жана активдүү катышкан командалар Ош шаарынын мэриясынын дипломдору, баалуу белектери менен сыйланат. Ошондой эле, мыкты оюнчу, чабуулчу, коргоочу жана мыкты сүрөөнчү номинациялары берилет.

Иш-чара сергек жашоо үлгүсүн калк арасында пропагандалоо жана элди тынчтыкка, биримдикке, достукка үндөө, массалык маалымат каражаттарынын коомдогу ролун, укук милдеттерин мамлекеттин бүтүндүүлүгүнө, элдин бейпилдигине багыттоо, ММК менен Ош шаарынын мэриясынын кызматтык байланышын ар тараптуу бекемдөө, калк арасында мекенчилдик идеологиясын өз ара кызматташуу аркылуу жайылтуу, Ош шаардык мэриясынын мекеме-уюмдарынын жетекчи мырзаларына, журналист мырза жигиттерге патриоттук сезим, майрамдык маанай тартуулоо максатында уюштурулууда.

Мелдеш волейбол оюнунун эрежелерине ылайык өткөрүлүп, 3 партиядан ойнолот. Жеңүүчүлөр командалык тартипте аныкталат. Табыштамалар 2016-жылдын 19-февралына чейин Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматында төмөнкү даректе кабыл алынат: Ош шаары, Ленин көчөсү 221, байланыш телефондор: (03222) 5-53-32, 5-50-19, 0551059101.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу