12.02.2016, 13:31

Футзал боюнча Азия чемпионаты: Бүгүн Кыргызстан командасы Өзбекстан командасы менен ойнойт

 Футзал боюнча Азия чемпионаты: Бүгүн Кыргызстан командасы Өзбекстан командасы менен ойнойт

Бишкек, 12-февраль /Аман Алымбеков-Кабар/. Футзал боюнча Кыргызстандын курама командасы бүгүн Азия чемпионатындагы экинчи оюнун Өзбекстандын курама командасына каршы ойнойт. Оюн Ташкентте өтөт.

Азыркы учурда Кыргызстан курама тобунун эсебинде 1 упай бар, аталган мелдеште эң көп 3 упай менен Өзбекстан командасы алдыда келе жатат. Ал биринчи оюнда Сауд Арабия курама тобун жеңип алган.
Кыргызстандыктардын оюнун түз эфирде Бишкек убактысы боюнча 19:45 те КРТК-Спорт каналынан көрө алышат.
Топтор:
А
Өзбекстан
Кыргызстан
Ливан
Сауд Арабиясы
В
Иран
Ирак
Кытай
Иордания
С
Таиланд
Вьетнам
Кытайлык Тайбэй
Тажикистан
D
Япония
Австралия
Малайзия
Катар.
Ар бир топтон мыкты экиден команда чейрек финалда ойнойт.
Аталган мелдештен 5 мыкты команда Колумбияда өтүүчү Дүйнө чемпионаты-2016 да катышууга жолдомо алат.