12.02.2016, 11:07

Ошто Ата мекенди коргоо күнүнө карата волейбол жана баскетбол мелдеши өтөт

Бишкек, 12-февраль /Дайырбек Мейманов-Кабар/. Ошто 18-19-февраль күндөрү 23-февраль Ата-мекенди коргоо күнүнө карата эркектер арасында волейбол жана баскетбол мелдеши өтөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мелдеш эки топко бөлүнүп өткөрүлөт. 1-топ, Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери арасында, 2-топ, шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери болуп саналат.

“Бул мелдештин негизги максаты республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө, ошондой эле шаардыктардын маанайын спорт аркылуу көтөрүү болуп эсептелет. Ошондуктан, шаардагы бардык каалоочу мекеме-ишканалар жана окуу жайлардын командалары катыша алат”,-деди Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев.

Мелдештин финалдык таймашында жеңишке жеткен командалар Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер менен сыйланат. Иш-чара 18-19-февраль күндөрү Түштүк аймактык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде өтөт.