10.02.2016, 18:18

Кыргызстандыктар Будапештте өткөн көркөм гимнастика боюнча эл аралык турнирде “алтын”, “күмүш”, “коло” медалдарды жеңип алышты

Бишкек, 10-февраль /Кабар/. Кыргызстандыктар 5-7-февралда Будапештте өткөн «Gracia Fair Cup-2016» көркөм гимнастика боюнча эл аралык турнирде “алтын”, “күмүш”, “коло” медалдарды жеңип алышты. Бул тууралуу “Алтын” медалды жеңип алган Асема Бадыкееванын атасы Нурмат Бадыкеев билдирди.

“Алтын” медалды 2009-жылга чейинки жаш курактагы категория боюнча Асема Бадыкеева, “күмүш” медалды 2005-жылга чейинки жаш курактагы категория боюнча Карина Мустафина, “Коло” медалды 2006-жылга чейинки жаш курактагы категория боюнча Акмарал Азимова жеңип алды. Турнирге КР курама командасынан 8 спортчу катышты.