Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
10/02 11:01
 

Бишкекте Виталий Гордеевди эскерүүгө арналган самбо боюнча эл аралык турнир өтүүдө

 Бишкекте Виталий Гордеевди эскерүүгө арналган самбо боюнча эл аралык турнир өтүүдө

Бишкек, 10-февраль /Кабар/. 10- февралда саат 10:00дө Кожомкул атындагы спорт сарайында Виталий Гордеевди эскерүүгө жана Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылышынын 27 жылдыгына арналган самбо боюнча эл аралык турнир башталды.

Эл аралык турнир Кыргызстанда самбону жайылтуу, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, жана КРдын ооганчыларынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында өткөрүлүүдө.
Турнирге Казакстан, Тажикстан, Россия жана Кыргызстандын бардык аймактарынан спортчулар катышууда. Алар 5 салмак категориясы боюнча таймашмакчы.

Белгилей кетсек, Виталий Гордеев өспүрүмдөр арасында СССРдин чемпионатында күмүш медалды алган жана эл аралык турнирлерде 5 мертебе жеңишке жетишкен. Саланг шаарында баатырларча курман болгондон кийин Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу