Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
04/02 10:01
 

Тайбоксчу Антонина Шевченко Инфьюжн реалити-шоунун финалдык мелдешинде жеңишке жетти

 Тайбоксчу Антонина Шевченко Инфьюжн реалити-шоунун финалдык мелдешинде жеңишке жетти

Бишкек, 4-февраль /Кабар/. Кыргызстандын тай боксу федерациясынын спортчусу, муай-тай боюнча Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Антонина Шевченко Африка командасынын капитаны Летисия Бакисиге (Габон) каршы мушташта жеңишке ээ болду. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты.
Буга чейин А.Шевченко Азия командасынын капитаны Шану Ламмерсти уткан болчу. Ошентип, кыргызстандык спортчу Инфьюжн европалык телевизиондук мелдештин 6-сезонунун жеңүүчүсү болуп калды.

“Мелдеш Таиланддын Самуи аралында өттү. Инфьюжн реалити-шоуга Түштүк Америка, Европа, Африка жана Азиядан бирден командалар катышкан. Бардык командаларда блгилүү спортчулар болгон”,-деп белгиледи федерация.

Антонинанын машыктыруучусу Павел Федотовдун айтымында, африкалык спортчу менен финалдык мелдеш өтө опурталдуу болду, ал К1 эрежесинен өткөн. Негизги убакыттын 3 раундунан кийин кошумча раунд берилип, Антонина дагы бир жолу эрдик көрсөтүп, жыйынтыгында каршылашын 5:0 эсебинде утту.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу