03.02.2016, 18:03

5-7-февралда эркин күрөш боюнча Бишкек шаарынын биринчилигине мелдеш өтөт

Бишкек, 3-февраль /Кабар/. 5- 7-февралда Р.Санатбаев атындагы адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебинде 1999-2002-жылдары төрөлгөн кадеттердин арасында Бишкек шаарынын биринчилигине мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча шаардык комитети билдирди.
Мелдешке 13 түрдүү салмактагы - 33, 36, 39, 42, 46, 50, 54, 58, 63, 69, 76, 85, 100 килограммдагы 300дөй спортчу катышат. Мелдеш өспүрүмдөр арасында эркин күрөштү жайылтуу, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана дени сак жашоо образын пропагандалоо максатында уюштурулууда.