Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
03/02 17:29
 

“Алай” футболдук командасына “Кыргызстандын чемпиону-2015” кубогу расмий түрдө тапшырылды

 “Алай” футболдук командасына “Кыргызстандын чемпиону-2015” кубогу расмий түрдө тапшырылды

Бишкек, 3-февраль /Дайырбек Мейманов-Кабар/. Бүгүн, 3-февраль күнү Ош улуттук драма театрында “Алай” футболдук клубун 2015-жылдагы КРнын чемпиондугу үчүн сыйлоо аземи болуп, команданын капитанына “Кыргызстандын чемпиону-2015” кубогу расмий түрдө тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Аземдин алкагында КРнын футбол федерациясынын вице-президенти Г.Анарбаев “Алай” клубунун президентине, футболчуларына, машыктыруучуларына жана дарыгерлерине медалдарды тапшырды. Мындан сырткары команданын эң мыкты оюнчулары ар кандай номинациялар менен сыйланды. Алардын катарында КРнын 2015-жылдагы чемпиондугунда эң көп гол киргизген аталган команданын чабуулчусу Алиа Силла “Эң мыкты чабуулчу” деп аныкталды. Ошондой эле, “Алай” командасынын жеңишине салым кошкондугу үчүн шаар мэри А.Кадырбаевге жана Ош шаарындагы мекеме, уюмдардын жетекчилерине Нурбек Атаханов Ардак грамоталарды ыйгарды. Иш-чара белгилүү эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа менен коштолду.

Эске салсак, Ош шаарынын “Алай” футболдук командасы өткөн жылдын 25-октябрь күнү А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо Нарындын “Ала-Тоо” командасын 3:2 эсебинде жеңип, мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиону аталган.

1 из 2

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу