03.02.2016, 17:17

“Алайдын” футболчуларына жана клубдун администрациясына унаалар берилди

 “Алайдын” футболчуларына жана клубдун администрациясына унаалар берилди

Бишкек, 3-февраль /Дайырбек Мейманов-Кабар/. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев “Алай” футболдук командасын 2015-жылдагы спорттук жеңиши менен куттуктап, Ош шаарынын мэриясынын атынан клубдун футболчуларына “Лексус-330” үлгүсүндөгү жеңил унаа, ал эми клубдун администрациясына “Тойота” үлгүсүндөгү микроавтобусту белекке тартуулады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

“Шаардын мэриясы мүмкүн болушунча клубду камкордукка алуунун аракеттерин көрүп келе жатат. Акыркы беш жылда эле клубду каржылоо 2,5 млн сомдон 17,5 млн сомго жетти. Бул аракетибиз мындан ары да улана берет. Жакында курулушу башталган Футбол Академиясынын бүтүшү менен келечекте дүйнөгө атагы чыккан футболисттер дал ушул биздин Ош шаарынан чыгып, «Алайды» атына жараша, эң мыкты клубга айландыраарына ишенич чоң”,-деди А.Кадырбаев.