03.02.2016, 16:42

“Алай” футболдук клубунун 2016-жылдын 9-февралында Ливандын «Триполи» командасы менен беттешүүсү күтүлүүдө

Бишкек, 3-февраль /Дайырбек Мейманов-Кабар/. 2016-жылы 9-февралда “Алай” футболдук клубу Ливандын «Триполи» командасы менен беттешүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 3-февраль күнү Ош улуттук драма театрында “Алай” футболдук клубун 2015-жылдагы КРнын чемпиондугу үчүн расмий түрдө сыйлоо аземинде айтылганын Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Ош шаарынын мэри, «Алай» футбол клубунун Президенти Айтмамат Кадырбаев клубдун оюнчуларын, жалпы эле футбол күйөрмандарын 2015-жылдагы спорттук жеңиши менен куттуктады.

“Ош шаарынын «Алай» футбол клубу түптөлгөндөн бери, футболисттерди даярдоонун чыныгы устаканасына айланып, жүздөгөн мыкты оюнчуларды тарбиялап чыгарды. Бүгүн да бул салт уланып, клубдун тарбиялануучулары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн футбол клубдарынын катарын толуктап жаткандыгы биз үчүн өзгөчө сыймыктуу. Клуб өзүнүн тарыхында ары даңазалуу, ары татыктуу жолду басып өттү. 1992-1993 жана 2006-жылдары «Алай» командасы өлкөбүздүн чемпионатында коло медалына татыктуу болсо, 2013-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу чемпиондук титулду жеңип алды. Ал эми өткөн 2015-жылы экинчи жолу өлкөбүздүн чемпиону аталды. Ошондой эле, сүйүктүү командабыз Кыргыз футболунун тарыхында биринчи жолу АФКнын Кубогу үчүн ат салышып, Бахрейндин, Иорданиянын, Ирактын командалары менен беттешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ал эми 2016-жылдын 9-февралында Ливандын «Триполи» командасы менен беттешүүсү күтүлүп жатат”,-деди ал.