01.02.2016, 18:37

Аламүдүн районундагы Байтик айылында “Көк бөрү” оюну үчүн ат спортунун аянтчасы ачылды

Бишкек, 1-февраль /Кабар/. 2016-жылдын 31-январында Аламүдүн районунун Байтик айылында “Көк бөрү” оюну үчүн ат спортунун аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Бул “Көк бөрү” мелдеши аталган башкармалыктын башчысы К. Батырканов тарабынан уюштурулуп, Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналды.

Иш чарага КРнын Чүй олусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Кудайбергенов, ЖК депутаты И.Өмүркулов, акимдер, айыл аймактарынын башчылары, райондордун ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары жана “Көк бөрүнүн” күйөрмандары катышты.

Мелдеште Чүй облусунун райондорунан 40тан ашык команда таймашты. Оюн олимпиадалык система боюнча өтүп, жеңилгендер турнирден чыгып турду. Жыйынтыгында «Суусамыр» командасы 1-орунду ээлеп, 40 000 сом, «Арашан» 2-орунду ээлеп, 30 000 сом, “Кашка-Суу», 3-орунга чыгып, 20 000 сом, «Байтик» командасы 4-орунду камсыздап, 10 000 сом сыйлыкка татыды.