Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
01/02 13:13
 

Кыргыз спортчулары 2016-жылы өтүүчү XXXI олимпиадалык оюндарга катышууга 4 лицензия утуп алышкан

 Кыргыз спортчулары 2016-жылы өтүүчү XXXI олимпиадалык оюндарга катышууга 4 лицензия утуп алышкан

Бишкек, 1-февраль /Аман Алымбеков-Кабар/. 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүүчү жайкы ХХХI олимпиадалык оюндарга катышууга Кыргызстандын спортчулары 4 лицензия утуп алышкан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Өкмөтүнүн алдындагы дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, бары болуп кыргыз спортчулары жеңил атлетика боюнча – 4.3 лицензия, грек-рим күрөшү боюнча 1 лицензия утуп алышкан.
Лицензия жеңип алган спортчулар: Арсен Эралиев –грек-рим күрөшү, Дарья Маслова – жеңил атлетика, Юлия Андреева – жеңил атлетика, Мария Карабицкая – жеңил атлетика.

Мындан тышкары, пауэрлифтинг боюнча Эсен Калиев жана Жыргал Орозбаевдер 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган XV паралимпиядалык оюндарга 2 лицензия утуп алышкан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу