Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
01/02 11:38
 

3-февралда Бишкекте салттуу ушу боюнча чемпионат өтөт

Бишкек, 1-февраль /Кабар/. 2016-жылдын 3- февралында саат 12:00 дө «Сейтек» Балдардын жана өспүрмдөрдүн улуттук борборунда салттуу ушу боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өтөт. Чемпионат КРнын традициялык ушу федерациясы тарабынан уюштурулууда. Бул тууралуу аталган федерациядан билдирди.

Чемпионатка Бишкек шаарынын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарынын 7 жаштан 72 жашка чейинки 300кө жакын ушучулары катышат. Чемпионатта наньцюань («түштүк муштум»), чанцюань («узун муштум»), шаолинь муштуму, тайцзицюань («Улуу чектин муштуму»), сунсинэйцзяцюань (сунси стили) сыяктуу салттуу ушунун багыттары, стилдери боюнча таймаш жүрөт. Чемпиоанаттын жыйынтыгы боюнча мыкты ушучулардан салттуу ушунун курама командасын түзүү каралмакчы.
Төмөнкү дарек боюнча кенен маалымат алсаңыздар болот: www.wushukg.com
www.facebook.com/events/903763593071315/

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу