Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/01 14:26
 

Кыргызстандык А.Шевченко Infusion реалити-шоу таймашында жеңишке жетишти

 Кыргызстандык А.Шевченко Infusion реалити-шоу таймашында жеңишке жетишти

Бишкек, 29- январь /Кабар/. Кыргызстандын тай боксу федерациясынын спортчусу Антонина Шевченко Infusion реалити-шоу таймашында алгачкы жеңишти камсыз кылды. Бул тууралуу аталган федерациянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, А.Шевченко Азия камандасынын капитаны, индонезиялык Шан Ламерс менен беттешти.

«3-раундда Антонина атаандашынын башына тизеси менен катуу тепти. Индонезиялык спортсмендин көзүндө гематома пайда болгондуктан калыс таймашты токтотту. Врач Шан Ламерсти таймаштан чыгаргандыктан, Антонина финалга чыкты»,-деп маалымдады федерациядан.

Финалдык беттеш 2-февралда Таиланддын Самуи аралында өтөт. Антонинанын атаандашы Африка командасынын капитаны, габондук Летисия Бакиси болмокчу.

А.Шевченконун тренери Павел Федотовдун айтымында, таймашка даярдык өз ыргагында жүрүүдө, Антонина мыкты формада.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу