Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
27/01 12:28
 

Кыргызстандык Бегимай Рахманова Казакстанда муз үстүндө бийлөөдө алтын медалды жеңип алды

 Кыргызстандык Бегимай Рахманова Казакстанда муз үстүндө бийлөөдө алтын медалды жеңип алды

Бишкек, 27-январь /Кабар/. 2016-жылдын 19-22-январында Алматы шаарында «Hockey world» муз үстүндө бийлөө боюнча "ICE TIGER" аттуу жаштар турнири өттү.

Мелдешке Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын спорт мектептеринин, клубдарынын жаш спортчулары катышты. Кыргызстандыктар мелдеште эң мыктылардан болушту. Бегимай Рахманова биринчиликти жеңип алып, алтын медалга татыды. Зулумбек кызы Мадина 2-орунду жеңип, күмүш медаль алды. Машыктыруучусу Карина Ураимова Бегимай 2012-жылдан бери машыгып келе жаткаканын, өтө эмгекчил экенин кубануу менен айтып берди.
“Биз Дубайдагы, Шымкенттеги, Новосибирскдеги, Санкт- Петербургдагы турнирлерге, мелдештерге катыштык. Буга чейин күмүш медалдарды жеңип, грамоталарды алып жүрдүк. Бул мертебе алтын медалды жеңип алдык. Бегимай муз үстүндө бийлөө боюнча кыргыз мектеби казактардан, өзбектерден ашса ашып, кем эмес экендигин көрсөттү”-деди ал.

Эскерте кетсек, Бегимай Рахманова Бишкек шаарындагы №9 орто мектептин окуучусу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу