Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
26/01 08:56
 

ОГПИде спорттун 5 түрү боюнча мелдештер уюштурулуп жатат

ОГПИде  спорттун 5 түрү боюнча  мелдештер  уюштурулуп жатат

Бишкек, 26-январь /Кабар/. Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Спорт – бул достук!” деп аталган профессордук-окутуучулук курамы жана чарба кызматкерлери тарабынан түзүлгөн командалардын ортосунда спорттун беш баскетбол, волейбол, шахмат, тогуз коргоол, теннис жана жаш мугалимдер үчүн “Шайыр шамдагайлар” эстафета түрлөрү боюнча өткөрүлүүчү спорттук мелдештер башталды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

«Ар жылы салтка айланып январь айында өткөрүлүп келе жаткан мелдештин негизги максаты окуу жайдагы жалпы жамааттын ортосунда достукту чыңдоо, сергек жашоого үндөө, спортко болгон кызыгууну арттыруу, окутуучулар, кызматкерлер ортосунда мыкты спортчуларды тандоо болуп саналат» - дейт дене тарбия бөлүмүнүн башчысы М.Жумабаев.

Ошондой эле ар бир оюндун түрү боюнча жеңишке жетишкен командаларга да окуу жайдын Ардак грамотасы жана баалуу белектер тапшырылат. Ал эми оюн мезгилинде активдүүлүгүн көрсөтүп, өзгөчө спорттук чеберчилиги менен айырмаланган окутуучуларга акчалай сыйлыктар, мактоо баракчалары тапшырылат.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу