Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/01 18:35
 

Таш-Дөбө айылында спорттук лыжа тебүү боюнча мелдеш өтөт

Бишкек, 21-январь /Кабар/. 30-январда Таш-Дөбө айылында (Воронцовка) спорттук багыттагы лыжа тебүү боюнча шаардык кышкы мелдештин ачылышы болот.Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын максаты жаңы катышуучуларды тартуу, дени сак жашоого үндөө, ошондой эле спорттун кышкы түрлөрүн калк арасында жайылтууга багытталган.

Мелдеш жаш курактарына жараша төмөнкүдөй өтөт: 12 жаштагы кыздар-балдар (2004-жылдагылар же андан кичинелер), кыздар-балдар (2002-2003), уландар жана кыздар (1998-2001), жаштар 1997 же алардан жогору.

Мелдештин уюштуруучулары Бишкек шаардык физкультура жана спорт боюнча комитети жана КР спорт Федерациясы болуп саналат.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу