Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/01 15:30
 

Волейбол боюнча казыяттар арасында өткөрүлгөн мелдеште Ош облустук казыяты чемпиондук титулду женип алды

 Волейбол боюнча казыяттар арасында өткөрүлгөн мелдеште Ош облустук казыяты чемпиондук титулду женип алды

Бишкек, 21-январь /Кабар/. Аталган мелдешке Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаарынын казыяттары катышып, Казылар баштаган жалпысы 40ка чукул дин кызматкерлеринен куралган командалар кызыктуу оюн көрсөтүп, мөөрөй талашышты. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Оюн аябагандай курч мүнөздө өтүп, бардык командалардын мыкты даярдыкта келгендиги байкалып турду.
Мелдештин жыйынтыгында Ош облустук казыяты 1-орунду алып Кубоктун ээси болду. 2-орунга Ош шаардык казыяты, 3-орунга Жалал-Абад казыяты, 4-орунга Баткен облустук казыяты ээ болуп диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Ал эми оюнчулар арасында өзгөчө шамдагайлыгын көрсөткөндүгү үчүн "Мыкты коргоочу" наамы менен Баткен облусунун Казысы Пазыл ажы Султанмуратов, ыкчамдыгы жана каршылашына катуу сокку жасагандыгы менен айырмаланып "Мыкты чабуулчу" наамы менен Жалал-Абад облустук казыятынын мечит бөлүмүнүн башчысы Давранбек ажы Жунусалиев сыйланды.

Оюн соңунда түштүк аймактын Казыларынын чучукулак тартуусунун негизинде кийинки спорттук турнирдин эстафетасы Жалал-Абад облусунун казыятына өткөрүлүп берилди.
Эскерте кетсек, аталган мелдештин башкы калысы катары оюндун жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациянын вице-президенти Алмаз Атабаев чыгарды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу