Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
28/12 18:24
 

Түркияда Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар башталды

Түркияда Экинчи  дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар башталды

Анкара, 28-декабрь /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу Дүйнөлүк салттык спорттун түрлөрү конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган Түркиянын «Анадолу» агенттигине берген маегинде билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстанга болгон иш сапары тууралуу айтып берди.
«Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өткөрүлөт. Дүйнөлүк салттык спорттун түрлөрү конфедерациясы катары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жардам беребиз. Буга чейин Борбор Азияддагы салттык оюндарды Түркияда таанытуу үчүн салттык спорттун түрлөрү профессионалдык деңгээлде уюштурулган эмес. Бул оюндардын федерациясы жана конфедерациясы болушу керек. Биз дагы буга конфедерация катары салым кошууга аракет кылабыз»,-деди Б.Эрдоган.
«Мындан тышкары конфедерация катары көчмөндөр оюндарына эл аралык статус берүү үчүн аракеттер жүрүп жатат. Анын алкагында салттык оюнчулар фонду да иштерди улантууда»,-деп айтты ал.
Түрк дүйнөсүндө байланышты күчөтүү максатында көчмөндөр оюнун 2018-жылы Түркияда өткөрүүнү пландап жаткандыгын кошумчалады.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу