Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
28/12 18:13
 

Жалал-Абадда “Жылдын мыкты спортчулары” мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрүштү

Жалал-Абадда “Жылдын мыкты спортчулары” мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрүштү

Жалал-Абад, 28-декабрь /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Бүгүн, 28-декабрь күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында “TOP-KG” журналы тарабынан “Жылдын мыкты спортсмени” аталган спортсмендер мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрүшүп, жаш бөбөктөргө Жаңы жылдык белектерин тапшырышты.

Барпы театрынын фоесине жасалган балатыга келген Жалал-Абад ОИИБнын кызматкерлеринин балдарына “Жылдын мыкты спортсмени” аталган спортсмендер: Кубанчыбек Көкүмов, Нургазы Абдуразаков, Азат Үсөналиев, Данияр Бабакулов, Уланбек Касымбеков, Рустам Тыналиевдер атайын баштыкка даярдалган белектерин тапшырып, балдарды Жаңы жыл майрамдары менен куттукташты.

Андан кийин, Барпы театрынын чоң залында мектеп окуучлары менен Жалал-Абад ОИИБнын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков, TOP-KG” журналынын жетекчиси Динара Орозбаева жана “Жылдын мыкты спортсмени” аталган спортсмендер жолугушуу өткөрүшүп, балдардын берген суроолоруна жоопторду беришти.

“Бул жолугушуу “Мекеним менин–Кыргызстан” долбоорунун алкагында жаштар комитетинин демилгеси менен өткөрүлүп жатат. Биринчиден, жаштар арасында сергек жашоону жайылтуу, ден соолукту бекемдөө, жаштардын туура эмес агымдан, кылмыштуулуктан алыс болуп жана келечекте мыкты спортсмендерден болушсун деп максат кылып жатабыз. Бул “Жылдын мыкты спортсмендери” менен жолугушуу жаштарга үлгү болот.
Жалал-Абад облусу “2015-жылдын Мыкты спорт аймагы” аталды. Бул жөн жеринен болгон жок. Себеби, Жалал-Абад жергесинде Эл аралык 27 спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бир гана олимпиада өтө элек”, - деди Ж.Жоробеков.
 

1 из 3

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу