Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
28/12 10:19
 

Баткен облусунда спорттук мелдештерге айрыкча көңүл бурулууда

Баткен облусунда спорттук  мелдештерге айрыкча көңүл бурулууда

Баткен, 28-декабрь /Кабар/. Баткен районундагы “Нур” Куран жаттоо медресеси жана Сабыр Момунов атындагы мектеп окуучулары арасында достукту, байланышты күчөтүү максатында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук мусулмандар казыятынын басма сөз катчысы Фуркат Авлиёев кабарлады.
Окуучулар футболдук мелдеште өздөрүнүн күчүн сынашып, жыйынтыгында мыкты оюнчулар кызыктыруучу белектерге ээ болушту.
“Балдардын ден соолуктарын чыңдоо маанилүү. Ошондой эле динибиз да ден-соолукка кам көрүүгө чакырат. Бул өткөрүлгөн иш чара мектеп менен медресе окуучуларынын достугун бекемдеп, балдар ортосундагы алаканын жакшырышына чоң өбөлгө болот”,- деди медресе мүдүрү Абдурахман Гапаров.
Ал эми Сабыр Момунов атындагы орто мектебинин дене-тарбия сабагынын мугалими Азимбек Имаровичтин айтымында спорттук иш чаралар окуучулардын байланышын күчөтүп, достугун бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан ары спорттук иш чаралар улантыла бермекчи.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу