Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
24/12 10:38
 

Cапар Исаков:“Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну–жаңы форматтагы уникалдуу долбоор”

Бишкек, 24-декабрь /Аман Алымбеков-Кабар/.Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну – жаңы форматтагы уникалдуу долбоор, иш-чара 2016-жылы сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде экинчи жолу өткөрүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары Сапар Исаков кечээ Бүткүл дүйнөлүк 2 көчмөндөр оюнуна даярдыкты баштоо салтанатынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, Жаңы жылды майрамдоонун алдында, 2015-жылды узатып жатып, Кыргызстандын эли жана коноктор эң маанилүү окуянын күбөсү болушат. “2016-жылы сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде экинчи жолу Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтөт. Белгилүү болгондой көчмөндөр оюнун өткөрүү тууралуу демилге биздин Президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү, демилге 2012-жылы Бишкекте өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитинин алкагында Азербайжан, Казакстан жана Түркия өлкө башчылары тарабынан колдоого ээ болгон. Кыргызстан көчмөн элдердин жалпы салт-санаасын, маданий мурасын сактап калууга чоң салым кошту”,-деди С.Исаков.

Ошондой эле, ал 2014-жылы Кыргызстан биринчи жолу Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөргөнүн белгиледи. “Иш-чара Кыргызстанда гана эмес, аймактагы эң масштабдуу окуя болгон. Мунун уландысы катары Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн колдоосу менен үстүбүздөгү жылы туруктуу орду Ысык-Көл облусу болгон Көчмөн цивилизация борбору түзүлгөн. Тиешелүү документке үстүбүздөгү жылы сентябрда Астанада Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын өлкө башчылары кол койду”,-деди ал.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу