Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/12 17:42
 

Балыкчыда бильярд сүйүүчүлөрдүн биринчилиги өттү

Каракол, 21-декабрь. /Кубан Мамбетов-Кабар/. Мындагы «Кудаш ата» спорт комплексинин администратору Аскер Искаковдун айтымында бильярд оюну боюнча биринчилик алгачкы жолу болуп өттү.

Ага 10 жаштан жогорку курактагы 27 оюнчу катышуу укугун алышты. Оюн катуу таймаш алдында өтүп, ага Бишкектен бери машыктыруучулар жана калыстар тобу келип, баа беришти. Бир күндүк мелдештин жыйынтыгында Ислам Мирбек уулу менен Рахат Туратбек уулу жеңүүчүлөрдөн болушуп, баалуу сыйлыктарга арзышты. Оюнчулардын жана анын уюштуруучуларынын белгилөөлөрүнө караганда бильярд оюну сергек жашоого үндөгөн, көңүл ачуучу оюндардын катарына кирет.

Акыркы учурларда оюндун бул түрүнө катышууну жана алектенүүнү каалагандардын саны күн санап өсүүдө. Жакынкы эле келечекте Балыкчыдан дагы спорттун бул түрү боюнча күчтүү спортсмендер чыгаарында шек жок. Бул үчүн шаарда баардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу